• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абжапаров Теңизбек эми соцфондду эмес, салыкты башкарат

22 Бугу 2018 19:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV

КРнын Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Бирок, ал бош калган жок. Өкмөт башчынын буйругу менен дароо КРнын Салык кызматынын башчылыгына бекиди.

Эске сала кетсек, буга чейин Салык Кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов Кошумча нарк салыгы боюнча коррупциялык чуулардан кийин кызматтан кетээри  айтылган эле.

 

Количество просмотров: 7