• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абжапарова: Пандемия шартында миңдей жарандын насыя төлөө мөөнөтү узартылды

13 Баш оона 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 млн сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

«Пандемияга байланыштуу  Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келүүдө. Ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат”, — деп билдирди Абжапарова.

Количество просмотров: 403