• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Ачка калган». 7 жаштагы кыз ооруканада каза болду

16 Үчтүн айы 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарында 7 жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Милициянын маалыматына ылайык, көз жумган кыздын пневмония диагнозу коюлган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки текшерүү иштери жүруп жатат.

Ал эми буга чейин, «булак.kg» сайты Жайыл ооруканасына шилтеме берүү менен 7 жашар кыз кароосуз калгандыктан, тамаксыз жана суусуздуктан улам көз жумганын жазышкан.

«Ооруканага түшкөн кыз 7 жашында 12 кг салмакта болгон. Дарыгерлер колунан келгендин баарын кылышкан, бирок ал 15-январь күнү эртең менен каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Айрым маалыматтарга караганда, баланын апасы Орусияда, атасы балдарды карабайт.

Количество просмотров: 1759