• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ачкачылык жарыялаган Алмаз Сарыбаев ооруканага которулду

28 Аяк оона 2021 17:20 Бишкек Govori.TV

Бийликти күч менен басып алууга шек саналып камалган Алмаз Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан ооруканага которулду. Маалыматты Govori.TVга акыйкатчы Токон Мамытов тастыктады.

Маалыматка караганда, буга чейин ачкачылык жарыялаган Сарыбаевдин ден соолугу начарлап кеткен.

Эске салсак, «Бийликти күч менен басып алуу аракетине» шектелип 2 айга камакка алынган «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев 17-сентябрда ачкачылык жарыялаган.

Буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Анда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, бир нече саясатчынын аты аталган. Ага байланыштуу Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон. Биринчи май райондук сотунун чечими Сарыбаев 2 айга камакка алынган.

Количество просмотров: 203