Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Бектур Асанов Улуттук госпиталга которулду. Бул тууралуу адвокат Эркин Булекбаев билдирди.
Маалыматка караганда, Асанов ооруканага 10-январда которулган.
«Бектур Асановго операция жасалат»,-деди Бөлөкбаев.
Бектур Асанов ооруканага жаткырылгандыктан Кемпир-Абад ишине байланыштуу отурум 17-январга белгиленгени кошумчаланды.
9-январда камактагы саясатчы, активисттер Бектур Асановду ооруканага которуу кечиккенин, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын жарыялашкан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.