• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен Алмаз Сарыбаевди кармады

16 Аяк оона 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

«АКБ Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев кармалды.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Анын алкагында ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов кармалган.

16-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 15-сентябрда Сарыбаев камакка алынган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн» деген шек менен камалды.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.

Количество просмотров: 194