Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат. Жогорку Кеңештин сайты аркылуу «Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи — депутат Улукбек Ормонов. «Ачык айт» программасында аш-тойлорго кеткен ашыкча чыгымдарды, ысырапкорчулукту тыюу аракети талкууланат.
Катышуучулар: Улугбек Ормонов-Жогорку Кеңештин депутаты жана коомдук ишмер, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев.