Парламентте «Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» 2015-жылы кабыл алынган мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова жана Улукбек Садиков алып чыкты.
Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр жана чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр эмне иш кылат? «Ачык айт» программасында талкууланат.
Катышуучулар: Жогорку Кеңештин депутаты Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович, талдоочу жана аскер эксперти Токтогул Какчекеев.