• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ачык айт: Ким президент болгусу келет? Шайлоого 63 талапкер аттанды (Түз эфир)

18 Жетинин айы 2020 17:09 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы президент болууну каалаган талапкерлердин арызын кабыл алуу жараянын аяктады. 2020-жылдын 14-ноябрында саат 23:59го карата Борбордук шайлоо комиссиясына 65 талапкерден документтер келип түшкөн.

Алардын ичинен Бакыт Бакетаев менен Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайра кайтарып алды.

Ушуну менен Боршайкомдо 63 талапкердин документи калды. Алардын 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөттү, бир адам саясий партиянын атынан сунуш кылынды. Шайлоого талапкер болуп катышуу тууралуу ниетин билдиргендердин сегизи аял, 55и эркек.

«Президент ким болгусу келет? Шайлоого 63 талапкер аттанды», деген темадагы «Ачык айт» дебаттын катышуучулары: Каныбек Осмоналиев – Коомдук ишмер жана Кайрат Осмоналиев  — БШКнын мүчөсү

Количество просмотров: 377