Шайлоонун алдында саясий партиялардын ишке ашпаган, куру убадаларын угуу көнүмүш адатка айланып калды. Бул тажрыйбаны шаардык кеңешке бараткан талапкерлер да мыкты өздөштүрдү. Алар «жаңы конуштар шаар болот» деген сыяктуу дымактарын билдиришүүдө. Шайлоо алдында берилген убадалар аткарылдыбы? «Ачык айт» программасында талкууланат.
Катышуучулар: Эксперт Шайырбек Маматокторов жана саясат талдоочу Табылды Акеров.