• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Адабият күнү. Кыргыз Эл Баатыры наамын алган акын-жазуучулар

12 Бештин айы 201710:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрь Кыргызстанда адабият күнү. 1928-жылы 12-декабрда адабият классиги Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келсе, 1950-жылы 12-декабрда кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмонов дүйнөдөн өткөн. Төмөндө Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Кыргыз Эл Баатыры наамын алган акын-жазуучу, манасчыларды сунуштайбыз.

Түгөлбай Сыдыкбеков  — кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз Эл Баатыры

Жусуп Мамай (1916 же 1918 — 01.06.2014) — кытайлык кыргыздардын 20-кылымдын экинчи жарымы — 21-кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын Баатыры (2014).

Сүйүнбай Эралиев — акын жана котормочу.Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры.

Сооронбай Жусуев  — кыргыз элинин чыгаан акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры (2007), Кыргыз эл акыны (1981), Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1998).

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов  — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Төлөгөн Касымбеков — кыргыздын улуу жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер, Кыргыз Эл Баатыры.

Бексултан Жакиев– драматург, кинодраматург, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз Эл Баатыры

 

 

Количество просмотров: 1188