• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

21 Тогуздун айы 202416:04 Бишкек Govori.TV

Борбордун Ленин РИИБдин ыкчам иштөөчү кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнен билдиришти.

2024-жылдын 3-октябрында болжол менен саат 19:26 чамасында 102 кызматына билдирүү келип түшкөн, анда Павлов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде белгисиз эркек адам, белгисиз курч нерсе менен эркек адамдын мойнуна жаракат келтирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37,122- беренесине (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык  кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган Н.Ж., аттуу шектүү аныкталып, кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

КР Кылмыш — жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Ленин районунун соту шектүүгө карата 4-декабрга чейин Бишкек шаарындагы №1-тергөө камак жайына камакка алууга чечим чыгарды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 107