• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адам өлтүрүүгө шектүү кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

9 Аяк оона 202417:42 Бишкек Govori.TV


ИИМ кызматкерлеринин жүргүзгөн иш аракеттеринин натыйжасында, адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.

6-сентябрь күнү Бишкектеги жаңы конуштардын биринде адам өлтүрүү беренеси боюнча шектелип, издөөдө жүргөн Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы М.Н. аттуу тургуну кармалды. Кармалган жаран 2023-жылдын кыш мезгилинде Ош шаарында болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Ошентип ал колго түшкөн соң убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эске салсак, 2023-жылдын 13-январына караган түнү саат бирлерде Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар 31 жаштагы А.Н. аттуу жаранга 27 жолу бычак сайып, анын кесепетинен ал ошол жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2023-жылдын 13-январында түнкү саат эки жарымдарда Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар 29 жаштагы Н.М. аттуу жарандын (каймана аты “Коён”) башына жана буттарына арматура менен 32 жолу уруп кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш аракеттердин негизинде, бул окуялар кылмыштуу топтордун таасир талашуудан келип чыккан кагылышуулары экенин такташкан.

Учурунда аталган кылмыштарга шектүү катары К.Досоновдун (каймана аты Дженго) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү А.Р., Н.Ч., А.Ж., Э.К. кармалышкан.

Ал эми жогорудагы окуяга тиешеси болгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Ош облусунун Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну М.Н. качып кетип, 2023-жылдын 18-январынан бери издөөдө болгон.

Количество просмотров: 153