• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Адам өмүрүн алган өрт. Шакиев казакстандык кесиптештерине көңүл айтты

1 Бештин айы 20239:41 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго Алматы шаарындагы хостелде катталган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Казакстандын Алматы шаарындагы хостелде катталган өрттүн кесепетинен жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.

Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”,-деп жазылат көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 116