Чүй облусунда суурлардын арасында жугуштуу оорунун, анын ичинде чумага шектенүүгө негиз боло турган белгилер аныкталган жок.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү социалдык тармактарда суурлар арасында мүмкүн болгон оору тууралуу тараган маалыматтардан кийин жүргүзүлдү.
Кырдаалды баалоо үчүн Ветеринардык кызматтын, Улуттук илимдер академиясынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, адистер суурлардын популяциясына визуалдык байкоо жүргүзүштү.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында суурлардын абалы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери байкалбаганы аныкталды. Ошондой эле Чүй облусунда буга чейин чуманын табигый очоктору катталбаганы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.