• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйды тезинен бошотууну талап кылды

18 Бирдин айы 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды тезинен камактан бошотууга чакырды. Бул талап камтылган документтин көчүрмөсү саясатчынын жеке сайтында жарыяланды.

Соттун регламентине ылайык, айрым учурларда сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон камсыздоочу чараларды кабыл алат. Мындай чара арыз берген адам коркунучка туш болгон учурда көрүлөт.

Бирок Орусиянын Юстиция министрлиги Европа сотунун чечимин аткаруу ниети жок экенин билдирди. Министрлик бул чечимди “суверендүү өлкөнүн сот системасынын ишине одоно жана негизсиз кийлигишүү”,-деп атады.

Быйыл 2-февралда Москва соту Алексей Навальныйды “Ив Роше” деп аталган иш боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга эркинен ажыраткан. 2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту дал ушул иш боюнча Навальныйдын укугу бузулду деген чечим чыгарган. Анын негизинде саясатчыга компенсация төлөнгөн. Бирок Орусиянын Жогорку соту Навальныйга карата сот чечими мыйзамдуу деп, аны өзгөртүүдөн баш тарткан.

Орус оппозициясынын лидерлеринин бири Алексей Навальный быйыл 17-январда Берлинден дарылануудан келээри менен камакка алынган. Анын камалышына каршы буга чейин Орусиянын ондогон шаарларында ири нааразылык жыйындары өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген кишилер тартип сактоо кызматкерлери тарабынан кармалды.

Количество просмотров: 60