Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV
Бүгүн, 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганына туура 70 жыл толду. Бул күнгө карата мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында иш-чара өтөт.
Анда өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы, булбагыттагы көйгөлөр талкууланат. Ошондой эле буга чейин адам укуктары боюнча жарыяланган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылат.
Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын дал ушул күнү Парижде, Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.