ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ээнбаштыкка жана киши уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылы 27-январь күнү саат 23:00 чамасында 1993-жылы туулган М.М. шериктештери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа менен Бакай-Ата районунун айылдарынын биринде жашаган Ж. уулу Б. аттуу жергиликтүү тургундун үйүнө барышкан. Ал жерден Ж. уулу Б.ны жана анын үйүндө болгон К.Ч.ны чакырып, ошол жерден зомбулук көрсөтүп, сабап, унаага салып, токойго алып барып дагы сабашкан.
Бул факт 27-январь күнү Талас облусунун Бакай-Ата РИИБдин КЖБРга катталып, Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) менен 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка тиешеси бар үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми М.М.ге 6-февралда издөө жарыяланган.
12-мартта жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата районунун 1993-жылы туулган жашоочусу М.М. Бишкек шаарынын Батыш автобекетинен кармалып, Бакай-Ата РИИБге жеткирилди.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, 1993-жылы туулган М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Иликтөө иштери уланууда.