• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адамдарды опузалап пара алган дарыгер кармалды

26 Аяк оона 202415:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМКнын дарегине Базар-Коргон районунун жалпы дарыгерлик практика борборунда системалуу түрдө акча чогултуу боюнча Базар-Коргон районунун тургундарынан бир нече жолу даттануулар жана кайрылуулар келип түшкөн. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн (пара алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 25-сентябрда Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун А.З.Ж. аттуу бөлүм башчысы кармалды.

Шектүү эмгекке жарамсыздык баракчасын бергендиги үчүн, ошондой эле майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык, социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн адамдардан системалуу түрдө опузалап акча алгандыгы аныкталган.
А.З.Жнын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун камерага жаздырылган.

Учурда кармалган жаранга карата анын жана башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 229