• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адамдарга бычак менен кол салып, акчасын алып кеткен окуяны ИИМ көзөмөлүнө алды

12 Бештин айы 202410:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адамдарга бычак менен кол салып, каражатын алып кеткен окуя боюнча ишти Ички иштер министрлиги көзөмөлүнө алды.

11-декабрь саат 16:56 чамасында шаардык милицияга Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган адамдар менен белгисиз кишилердин ортосунда мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган.

Бычак менен кол салган шектүүлөр Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткени аныкталып, “Перехват” планы жарыяланган.

Маалым болгондой, төрт белгисиз адам физикалык күч колдонуу менен акча алмаштыруу жайынан чыгып бараткан М.А аттуу жарандын ири суммадагы акча каражатын алып кетишкен.

Количество просмотров: 204