Милиция кызматкерлери мушташка себепкер болгон 37 жаштагы адамды кармашты. Бул тууралуу Свердлов РИИБнен билдирди.
8-октябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Токтогул, Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде мушташтан улам бир адам бычактан жараат алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Укук коргоо органдары бул фактынын негизинде кылмыш ишин козгошту.
Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдары жүрүүдө.