Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга келген жок. Бул тууралуу Жунусовдун жактоочусу билдирди.
Анын айтымында, Жунусов инсульт жана баш мээсинен инфаркт болгон. Буга байланыштуу соттук отурумду убактылуу токтотууну суранды. Ал эми башка шектүүлөрдүн жактоочулары буга каршы чыгышты.
Сот Жунусовдун адвокатынын сунушу эмки отурумда каралаарын билдирди.
Кылмыш ишине шектүү делип Жунусов менен биргеликте Нурбек Айбашев, Абдывахат Сулайманов, Замирбек Ниязалиев, Болот Бирназаров, Азамат Сулайманов, Эмиль Кадинов, Тилек Курманов, Кубанычбек Абдрахманов, Бактыбек Аманов, Семетей Кайыпов, Оролбек Бакыбеков, Гульзат Шералиева, Маршалбек Бейшеев, Марта Байзакова табылган. Буларга коррупция беренеси менен иш ачылган.
Эске салсак, 2018-жылдын 28-августунда эл аралык издөөгө алынган Жунусовдун 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылган. Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.