• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

9 Тогуздун айы 201812:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.10.2018.Govori.TV.

Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык эмгек акы өлчөмү 80%га көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарынжакшыртуу максатында кабыл алынды.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 жылдын 19-январындагы № 16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселиккоэффициент 1,8 өлчөмүндө белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилди:

— Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;

— Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;

— С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;

— Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;

— «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук окутуучулук курамынын, концерт мейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:

— Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;

— М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;

— С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;

— Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.

Количество просмотров: 75