Дубанаев Адилет Садырбекович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылган. Ал салык жол-жоболорун санариптештирүү маселеси жаатында иш алып барат.
Белгилей кетсек, Дубанаев мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы болуп эмгектенген. Мындан тышкары, ал Салык жана бажы башкаруусун санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин мүчөсү болгон.