Адилет министри менен Аппарат башчынын аты белгилүү болду
Адилет министри менен Аппарат башчынын аты белгилүү болду
10 Чын куран 2018 10:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек 10.04.18 Govoti.TV
Бүгүн Өкмөт Жогорку Кеңештин тармактык комитетине аппарат башчылыгына жана Адилет министрлигине талапкерлерди сунуштайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык Өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Мукамбетов болот. Ал 2012-жылдан бери аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Ал эми Адилет министрлигине Айнура Абдылдаева сунушталууда. Ал буга чейин Адилет министрлигинин стат-катчысы болуп иштеп келген.