Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары Максатбек Эсеналиев өкмөттүн жыйынына шашып жатып 7 катасы менен жазылган катка кол коюп салган.
«Мен анда өкмөттүн чогулушуна шашып жаткан болчумун жана шашып тез кол коюп салыптырмын. Бизде кат жазуучу бөлүмдүн кызматкерлери бар. Мага күндө почтама көптөгөн каттар келет, ар бирине өзүм жооп жазып үлгурбөйм. Бул теманы козгоонун кажети жок. Мен катамды мойнума алам. Мен азыр кайрадан Бусурманкуловго коштоочу кат жазам да жөнөтөм»,-деген Максатбек Эсеналиев.
Ага чейин фейсбук социалдык тармагында адилет министринин орун басары Максатбек Эсеналиев жазган деген кат жарыя болгон. Кат автор тарабынан 7 орфографиялык ката менен жазылган.

Эске салсак, спикер Дастан Жумабековдун орфографиялык ката менен премьер-министрдин атына жазылган каты коомдо талкуу болгон эле. Документтин түп нуска экендигин парламенттин басма сөз кызматы тастыктаган.