• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Адилет» укуктук клиникасы ЖК комитетине кайрылуу жолдоду

9 Тогуздун айы 2023 16:44 Бишкек Govori.TV

«Адилет» укуктук клиникасы Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Ч. А. Султанкуловага кайрылуу жолдоду.

Төмөндө кайрылунун толук тестин беребиз:

Урматтуу Чолпон Аалыевна!

 Сизге өкмөттүк эмес уюмдардын атынан, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзам долбоорунун (Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамы жана Кылмыш-жаза кодекси) КР Жогорку Кеңешинде каралып жаткандыгына байланыштуу кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары (Н. А. Нарматова, Ж. Э. Садырбаева, Г. О. Култаева ж.б.) тарабынан демилгеленип, ушул жылдын 19-майында парламентте катталган.

Белгилей кетсек, буга чейин “Адилет” Укуктук клиникасы” коомдук фонду КР Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин төрайымы катары Сизге, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасына жана Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасына, коомдо олуттуу резонанс жараткан жогорудагы мыйзам долбоорунун жылдырылышы боюнча кайрылган.  (2023-жылдын 12-июнундагы № 2/182 каты).

Бул мыйзам долбоорунун 2023-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каралгандыгы олуттуу тынчсызданууну жаратат. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» ченемдерди жаратуунун так жол-жоболорун аныктаган, буларды сактоо мыйзам үстөмдүгү менен укук үстөмдүгүнүн өзөгү болгон,  ошондой эле мамлекеттик органдардын, анын ичинде Конституцияга ылайык эл бийлигинин үстөмдүгүн билдирген жана камсыз кылуучу парламенттин ишмердүүлүгү боюнча элдин ишенимине таасирин тийгизген мыйзамдардын талаптары бузулду.

Мыйзам долбоорунун баяндамачысы депутат Н. А. Нарматова чындыкты бурмалаган жана Комитеттин отурумуна катышкандардын бардыгын адаштырган маалыматтарды берди.

Ошентип, докладда мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшпөгөндүгү айтылды. Буга чейин мыйзам долбоорун кабыл алуудагы тобокелдиктер юристтер, эл аралык эксперттер жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан даярдалган ар кандай укуктук анализдерде жана макалаларда бир нече жолу белгиленген. “Адилет” Укуктук клиникасы” коомдук фонду коомдук талкуунун алкагында даярдалган мыйзам долбоорунун анализин Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Бул анализ https://adilet.kg/ расмий сайтына да жайгаштырылган. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өтүнүчү боюнча, аталган мыйзам долбоору жөнүндө 2022-жылдын 12-декабрында Өзгөчө убактылуу корутунду даярдалган.1 (документтердин көчүрмөлөрү тиркелет).

Ошону менен бирге, мыйзам долбоору боюнча маалымкат — негиздемеде коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жок экендигине Сиздин көңүлүңүздү бурабыз. Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин талаптарына сиздин олуттуу маани берүүңүздү суранам, ага ылайык Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти тарабынан сунушталган мыйзам долбооруна милдеттүү түрдө маалымкат – негиздеме тиркелиши талап кылынат. Анда керектүү маалыматтар, анын ичинде мыйзамдан улам мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттер жөнүндө маалыматтар берилип; коомдук угуулардын, коомдук талкуулардын жыйынтыктары жөнүндө; мыйзам долбоорунун мыйзамдык базаларга шайкеш келиши жөнүндө маалыматтар камтылуусу талап кылынат.

Өз кезегинде, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде, ченем жаратуучу орган тарабынан ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо камсыз кылынат деп белгиленген:

ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексти менен таанышууну камсыз кылуу;

коомдук талкууга катышуучулардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, кароо жана жалпылоо;

коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштар боюнча аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен жыйынтыктоочу маалыматты даярдоо. Корутунду маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна тиркелчү маалымкат — негиздемеде чагылдырылат.

Ошентип, коомдук талкуунун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР мыйзамына жана КР Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна концептуалдык мүнөздөгү көптөгөн сын-пикирлер жана сунуштар жөнөтүлгөндүгүн эске алуу менен, аталган мыйзам долбоорунун маалымкат — негиздемесинде бардык келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар боюнча толук маалыматты чагылдырылып, алардын ар бирин эсепке алуу же эске албай коюунун негиздүү позициясын көрсөтүү зарыл. Тилекке каршы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бул талабы демилгечи депутаттар тарабынан этибарга алынган жок.

Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде андан ары кароодо Сиз жетектеген Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдык талаптарынын кыйшаюусуз аткарылышын камсыз кылат деп ишенебиз.

Ушуга байланыштуу эске сала кете турган жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесине ылайык, мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч  жолку окууда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Өз кезегинде, мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште кароонун жана аларды кабыл алуунун жол-жоболорун жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү, аны жооптуу комитеттерде кароо, ошондой эле мыйзам долбоорун үч жолку окууда кароо жана кабыл алуу каралган.

Жооптуу комитет мыйзам долбоорун алдын ала кароону ал келип түшкөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзгөндүктөн, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундулары жок туруп, мыйзам долбоорун жооптуу комитет тарабынан алдын ала кароосуна жол бербейт.

Аппараттын эксперттик кызматтары мыйзам долбоору боюнча да, мыйзам долбоорлорунун пакети боюнча да укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын жыйынтыктары менен корутундуларын жооптуу комитетте аларды карап биринчи окууга киргизүүгө чейин жана мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө киргизилген өзгөртүүлөргө да берүүгө милдеттүү.

Ошол эле учурда мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү экинчи окууда кароо, мыйзамды биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

Мында мыйзам долбоорун ар бир окуунун ортосундагы убакыт аралыгы 10 жумушчу күндөн кем эмес жана 30 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорлору үч  жолку окуу жол-жобосу боюнча каралып жана кабыл алынгандыктан, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси) КР Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууларда же үч окууда бир учурда кабыл алынбайт, анткени “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамынын 53-беренесинин 13-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбейт.

Жогоруда келтирилгендерди жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку Кеңештин түзүмдүк бөлүмү болуп санала тургандыгын, комитеттин Жогорку Кеңештин Регламентинин так жана кыйшаюусуз сакталышына жооптуулугун эске алып, комитетте кароого чейин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеңири катышуусунда парламенттик угууларды өткөрүүнү жана төмөнкү документтерди берүүнү Сизден суранабыз:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарынын мыйзам долбоору боюнча укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизаларынын жыйынтыктары менен корутундулары (“КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамынын 49-беренеси).

2. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча келип түшкөн сунуштар жөнүндө аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен жыйынтыктоочу маалымат («КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамынын 22-беренеси).

Тиркеме:

  1. «Адилет» Укуктук клиникасы” коомдук фонду даярдаган мыйзам долбоорун анализдөөнүн көчүрмөсү.
  2. «Адилет» Укуктук клиникасы” коомдук фондунун ченемдерди чыгаруудагы жол-жоболорду сактоо жөнүндөгү КР Жогорку Кеңешинин дарегине жазган катынын көчүрмөсү (12.06.2023г-ж, №2/182.);
  3. Мыйзам долбоору жөнүндө ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун тапшырмасы боюнча 2022-жылдын 12-декабрындагы Өзгөчө убактылуу корутунду;
  4. Бул кайрылууну колдогон өкмөттүк эмес уюмдардын тизмеси.

Урматтоо менен,

Директор                                                                             Ч. Джакупова

Количество просмотров: 67