• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

«Адилеттүлүк үчүн» комитети бийликке УКМКнын реформаларын өзгөртсүн деген талап койду

24 Бугу 201915:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, УКМКнын орду жана реформасы тегерек столдо талкууланды. Аталган жыйынга жарандык активисттер, УКМКнын мурдагы кызматкерлери, саясиий партиянын өкүлдөрү катышты.

Андан тышкары, тегерек столдо Улуттук коопсуздук кызматы эски система менен иштеп жатканы баса белгиленип, өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылган бул институтту, мурдагы президенттер жеке саясий кызыкчылыктарына пайдаланышып, саясий, коррупциялашкан куралга айлантып кетишкени айтылды.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү тегерек столдун жүрүшүнүн алкагында катышуучулар арасында пикир келишпестиктер дагы орун алды.

«УКМК атайы бүгүнкү жыйындын өтүшүнө тоскоолдук жаратуу максатында провокаторлорду жөнөтсө керек. Тегерек столго атайы чакырылбаган катышуучулар жыйынды сыйлайлы. Баарына кезеги менен сөз беребиз»,- деген Равшан Жээнбековдор жыйындын жүрүшүн көзөмөлгө ала албай убара тартты.

Эскерте кетсек, «Адилеттүүлүк үчүн» комитети тарабынан уюштурулган бийликке чакырык салган экинчи тегерек столу.

Количество просмотров: 24