• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети: Токтакуновго карата болуп жаткан каралоолорду токтоткула

21 Бирдин айы 201912:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.

«Акыркы күндөрү укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакуновдун ар-намысына, жеке жашоосуна байланыштуу, адамдык жана саясий маданиятка туура келбеген, каралоочу макалалар жана видеолор социалдык түйүндөр аркылуу коомго таратыла баштады. Биз бул каралоолор анын адвокаттык ишмердүүлүгүнө жана жарандык позициясына байланыштуу деп эсептейбиз»,- дейт «Адилеттүүлүк үчүн» комитети.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык, ар бир Кыргыз жараны, өз укугун коргоо үчүн адвокат алуу укугуна ээ. Ошол эле убакта, адвокат катары, Нурбек Токтакунов каалаган адамын коргоого укуктуу экени белгиленген.

«Башка көз караштагы эгемендүү жарандарды атайын кызматтарды пайдаланып каралоо, жеке турмушуна тиешелүү маалыматтарды жарыялоо бир дагы бийликке кадыр барк, стратегиялык ишеним алып келбейт. Бул – бийликтин күчтүүлүгүн эмес, тескерисинче, алсыздыгын жана акылсыздыгын көрсөтөт. Өлкө жетекчилигинен, УКМК төрагасынан Кыргызстандагы көрүнүктүү укук коргоочулардын бири жана адвокат Нурбек Токтакуновго карата болуп жаткан каралоолорду токтотууга жана мындай каралоолорду уюштургандарга чара көрүүнү талап кылабыз»,- деп кошумчалашкан.

Эске салсак, интернет айдыңында мурдагы премьер-министрСапар Исакавдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун дарегине түрдүү видео материалдар чыгарылган.

Количество просмотров: 15