• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Адистер ЖРТда жогорку балл алып берем дегендерге ишенбеш керектигин айтышты

15 Бугу 2019 14:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) өткөрүүнүн алдында алдамчылык кылып, ЖРТда жогорку балл алып берем дегендер көбөйөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынар Батракеева билдирди.

Анын айтымында, алдамчылар ата-энелерге жогорку балл, ал гана эмес сынактан тышкары каалаган окуу жайга өтүүгө укук берген алтын сертификатты да алып беребиз деп ишендиришет.

«Алгач, ЖРТ өткөнгө чейин алар тесттин жоопторун алып берүүнү айтышат. Бирок, ал мүмкүн эмес. Себеби, биз даяр жоопторду сактабайбыз. Болгону, тапшырма менен жооптордун варианттары болот. Ал, даяр жоопторду кимдир бирөөгө берип койбошу үчүн жасалган. Ошондой эле, алдамчылар тестирлөө аяктагандан кийин абитуриенттин жыйынтыктарын өзгөртүп баллын жогорулатып берүүнү сунуштайт. Ал да мүмкүн эмес. Жыйынтыгында, алдангандар окуучу бала өзү жеткен баллды алат. Андан тышкары биз, ЖРТнын катышуучусун ордуна башка бирөөнү киргизбөө үчүн милиция менен иштешебиз. Көбүнчө, студенттер абитуриенттин ордуна тестке ирип, көп балл алып берерин айтышат. Бирок, мындай факттарга бөгөт коюлуп, кармалгандар болгон», — деди ал.

Ошондой эле, аталган борбордун адиси алдамчыларга ишенбөөгө жана сынакка балдар өзү даярдануусуна үндөдү.

«Эгер алдамчылар менен иштешүү фактысы аныкталса, абитуриент тесттен четтетилип, ал жылы окууга тапшыра албай калат. Биз андай алдамчыларды «каскадер» деп коебуз», — деди ал.

Жылына тестирлөөдө 13-20 «каскадер» кармалат.


Количество просмотров: 15