• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Адвокат: Михаил Саакашвилинин организминен мышьяк табылды

29 Жетинин айы 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин организминен мышьяк табылды. Бул тууралуу анын адвокаты Шалва Хачапуридзе билдирди.

Анын айтымында, учурда АКШнын алдыңкы токсикологдорунун бири изилдөөлөрдүн жыйынтыгын карап жатат. «Азырынча биз тырмактарынын анализин ала элекпиз, бирок телефон аркылуу иликтөөнүн жыйынтыгында организминен дагы бир зат – мышьяк табылганын айтышты», – деди адвокат.

«Эхо Кавказа» басылмасы Саакашвили коомчулук алдына апрель айынан бери чыга электигин жазды. Анын тарапташтары менен үй-бүлө мүчөлөрү экс-президенттин өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирүүдө.

«Эмпатия» борборунун башчысы Мариам Жишкариани анын уюму жүргүзгөн экспертиза Саакашвили ууландырылганын көрсөткөнүн билдирген. Ал АКШдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Саакашвилинин организминен висмут, барий жана сымап табылганын белгилеген.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент былтыр 1-октябрда мекенине кайтып келгенде кармалган. Ага чейин ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде алты жылга сыртынан соттолгон. Саясатчы сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили 2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатууга буйрук берген жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Экс-президент бул дооматтарды да четке кагып келет.

Камакта отурганда Саакашвили ачкачылык жарыялап, саламаттыгы кескин начарлап кеткен. Май айында ал жеке клиникага которулган. Учурда экс-президенттин иши боюнча сот жараяны уланууда, бирок акыркы айларда анын ден соолугуна байланыштуу отурумдар кийинкиге жылдырылып келет.

Количество просмотров: 1409