• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады

22 Бирдин айы 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал 21-февралдагы соттук отурум учурунда билдирди.

5 кылмыш иши боюнча соттолуп жаткан Саакашвили өзүнүн укуктары бузулуп жатканына жана украин элине тилектештик билдирүү максатында мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганын айтты. Ал учурда украин жараны.

Саакашвили бир нече айдан бери ага дарыгерди киргизбей жатышканына, ал үчүн Европа жана АКШдан келген невролог менен невропатологдор менен жолугуша албаганына даттанды.

«Бүгүндөн тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайм. Бул мага жана менин элиме жасалып жаткан мамилеге карата реакциям. Мен адекваттуу медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылам», – деди Саакашвили.

Михаил Саакашвили миллиардер Бидзина Иванишвилинин азыр бийликти башкарып жаткан “Грузин кыялы” партиясы аны майып кылууга аракеттенип жатканын, ал тургай “Путиндин пайдасы” үчүн аны өлтүрүп да коюшу мүмкүндүгүн айтты.

Саакашвили украин элине украин тилинде кайрылып, “колуна курал алып, фронттун линиясында турууга” мүмкүндүгү жок экенине өкүнүп жатканын билдирди.

Грузиянын үчүнчү президенти сот жыйынына чыгып баратып: «Тынч өчүп баратканымды көрө албайсыңар. Президенттер кантип башын бийик көтөрүп өлгөнүн көрөсүңөр», – деп сөзүн жыйынтыктады.

Михаил Саакашвили былтыр октябрда 50 күн ачкачылык кармап, эс-учун жоготкондон кийин ооруканага которулуп, дарыланып чыккан.

Количество просмотров: 71