• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жаңы сүрөт: Саакашвилинин азыркы абалы

25 Бештин айы 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин азыркы сүрөтү жарыяланды. Анда ал өтө арыктап кеткени жана саламаттыганын абалы оор экенинин көрүугө болот.

Буга чейин анын жактоочусу билдирүү кылып, Саакашвилинин организминен мышьяк табылганын айткан. Анын айтымында, учурда АКШнын алдыңкы токсикологдорунун бири изилдөөлөрдүн жыйынтыгын карап жатат. «Азырынча биз тырмактарынын анализин ала элекпиз, бирок телефон аркылуу иликтөөнүн жыйынтыгында организминен дагы бир зат – мышьяк табылганын айтышты», – деди адвокат.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган мурдагы президент былтыр 1-октябрда мекенине кайтып келгенде кармалган. Ага чейин ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде алты жылга сыртынан соттолгон. Саясатчы сот ишинин артында саясий кызыкчылык бар деп эсептейт.

Саакашвили 2007-жылы өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таркатууга буйрук берген жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Экс-президент бул дооматтарды да четке кагып келет.

Камакта отурганда Саакашвили ачкачылык жарыялап, саламаттыгы кескин начарлап кеткен. Май айында ал жеке клиникага которулган. Учурда экс-президенттин иши боюнча сот жараяны уланууда, бирок акыркы айларда анын ден соолугуна байланыштуу отурумдар кийинкиге жылдырылып келет.

Михаил Саакашвили 28-ноябрга белгиленген сот отурумуна да катыша алган жок. Буга саясатчы дарыланып жаткан жеке клиниканын дарыгерлери экс-президентти Тбилиси шаардык сотуна жеткирүүгө тыюу салганы себеп болду. Саясатчыны карап жаткан дарыгер мындай чечимди кардарынын саламаттыгы начарлап кетсе, өзү жоопкерчилик ала албай турганы менен түшүндүрдү.

Саакашвили буга чейин сотко катышуу каалоосун билдирип, ал дүйшөмбү күнү сотко жеткирилет деп күтүлүп жаткан.

Количество просмотров: 8697