Бишкектин четинде КамАЗ жеңил унааларды сүздү. Маалыматты Чүй ОИИББден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 4-май күнү Бишкек — «Манас» аэропорту жолундагы «Ганси» авиабазасында «ВМW 2024» иш-чарасынын ачылышында болжол менен саат 15:30да болгон.
«КамАЗ батыштан чыгышты көздөй бара жаткан учурда токтотуучу системасы кармабай калып, жолдун жээгинде турган жеңил унааларды сүзгөн. Жол кырсыгы материалдык чыгымдарга алып келген», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин окуянын видеосу соцтармакка тараган. Тасмадан жүк ташуучу унаа жолдо токтоп турган бир нече унааны сүзгөнүн көрүүгө болот.