• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аэропортто ЧП. Бир жашар бала учакта чарчап калды

3 Баш оона 2019 11:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.08.2019.Govori.TV.

«Манас» аба майданынан көтөрүлгөн Pegasus учагында 1жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу Govori.TV мультимедиалык агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, чарчап калган бала буга чейин жүрөк оорусу менен жабыркап келген. Учак абага көтөрүлгөндө наристенин абалы начарлап, натыйжада учактан жан берген.

Учак Алматы аэропортуна конуу үчүн деп кайрылып, бирок ал жерде учакты отургузганга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, учак Бишкектин аэропортуна кайрылып келген.

Ызы чуудан улам, адамдардын баарын текшерип, учактын ичинде кармап жаткандыгы айтылды.

Учак Стамбул-Бишкек каттамы менен бара жаткандыгы белгилүү болду.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 47