• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Афганистандын башчысы биринчилерден болуп Жапаровду жеңиши менен куттуктады

10 Үчтүн айы 202123:43 Бишкек Govori.TV

Афганистандын президенти Ашраф Гани Ахмадзай Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Ал куттуктоосунун тексттин твиттердеги баракчасына жарыялаган.

Гани Ахмадзай «Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровду жылуу куттуктайм», — деп жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн республикада мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум аяктады. Алдын-ала маалыматы боюнча, Садыр Жапаров ири айырма менен алдыда келе жатат. Ал 79,2 пайыз добушка ээ болду.

Количество просмотров: 494