• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Африканын жараны “Манас” аэропортунда мыйзам бузду

22 Чын куран 201912:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV

КРнын коопсуздук кызматынан билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 19-апрель күнү “Манас” аэропортунан 28 жаштагы Конго Республикасынын жараны кармалган.

Ал “Москва-Бишкек” рейси аркылуу мыйзамсыз жасалма электрондук виза менен Кыргыз Республикасына кирүүнү көздөгөн.

Маалыматка ылайык, аталган жаран депортацияланып, өз мекенине кайтаруу чечими чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда 2019-жылдын февраль айында Нигерия өлкөсүнүн жарандары дагы дал ушундай мыйзам бузуу менен колго түшкөн.

Количество просмотров: 14