• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Агасы инисин бычактады

18 Жалган куран 2021 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, анын бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кандуу окуя 17-мартта болгон.

«Окуя болгон жерге барган милиция кырматкерлери барып, каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм болгонун, ал эпилепсия менен жабыркап жүргөнү жана анын жанында дайыма бир адам болушу керек экенин такташкан. Ал күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 2004-жылы туулган А.С. аттуу байкеси карап калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерден кан болгон жаздык, одеяло, ашкана бычактары, спорттук шым жана кол белгилери алынган.

Алгачкы териштирүүдө жансыз денени саат 11:00 чамасында баланын апасы жумуштан келип тапкан жана милиция чакырган.

Аталган окуя боюнча кошуналар суракка алынышкан, ошондой эле кызматтык иттер менен тинтүү иштери жүгүзүлгөн. Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 17 жаштагы үй-бүлөнүн баласы кармалган. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам бычактап салганын айткан», — деп билдирди мекемеден.

Учурда шектүү өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 279