• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Агасы инисине да жооп бербейт». Искендер Матраимов камакка коюлган мүлк боюнча комментарий берди

16 Бирдин айы 2024 14:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” иниси, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү делип камакка коюлган мүлк тууралуу комментарий берди.

“Оштогу үй апамдан мураска калган үй. Азыр бардык мүлктү Райымбекке байлап атат. Менин өзүмдүн да тиричилигим бар. Мен алган насыяларымды, төлөгөн акчамды да тактап койгом. Кечээ сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бири мени “Райымбектин агасы” дейт, бири “иниси” дейт. Мыйзам боюнча 18ге чыккандан кийин ата-энеси баласына да жооп бербейт. Агасы инисине да жооп бербейт. Ал (Райымбек Матраимов) өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем”, — деди ал.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

УКМКнын төрагасы Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз.

Количество просмотров: 246