Ош шаарындагы Увам каналынын суу коргоо зонасында мыйзам бузуулар болушу мүмкүн деген маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтарга байланыштуу прокуратура органдарынын кызматкерине тиешелүү жагдайларды текшерүү башталды. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык чаралар көрүлүп, бул тууралуу коомчулукка маалымат берилет.
Эскерте кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эртең менен рейд жүргүзүп, Увам каналынын коргоо зоналарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча мурдагы тапшырмалардын аткарылышын текшерген. Текшерүү учурунда ал жергиликтүү прокурордун үйүнө кирип, беш люкс класстагы автоунааны көргөн. Ал көзөмөл органынын кызматкерине эмне үчүн буйруктан кийин каналда курган объектилерин бузбаганын сурады.