• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Агрофорум өтөт

1 Чын куран 20249:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек 2-апрелде “Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү” аталыштагы форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тематикалык сессиялар өтөт:

  • айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү,
  • Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги,
  • агроазык-түлүк секторундагы мамлекеттик чыгымдардын тенденциялары,
  • азык-түлүк коопсуздугу жана инфляция жөнүндө изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары,
  • технологиялар, инновациялар жана инвестициялар аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарбасын түзүү.

Форум — айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.

Количество просмотров: 59