• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Ахмат Келдибеков уулун үйлөп той берди, өкүл ата болуп Раим Матраимов дайындалды

29 Аяк оона 201811:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.09.2018.Govori.TV.
28-сентябрда экс-депутат Ахматбек Келдибеков уулун үйлөп, Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартып” той берүүдө.
Кудалары Алматынын таасирдүү уйгур кландарынын өкүлдөрү экен.
Келдибеков уулу менен келинине өкүл ата кылып, экс-бажы башчы Раим Матраимовду дайындады. Өкүл ата да тойго өзү катышууда.
Тойдогу кадырлуу меймандардын катарында Үсөн аке Сыдыков, Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Медеткан Шеримкулов, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Мераждин Зулпуев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Руслан Казакбаев жана башкалар орун алышкан.
Үйлөнгөн эки жаш Бекболот менен Камилага бакыт каалайбыз!
Количество просмотров: 20