Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV
Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков кыргыз тилдүү “KYRGYZTODAY.KG” басылмасын жана анын журналистин сотко берди. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.
Анын айтымында, дооланып жаткан сумма 1 миллион сом. Сайтта Ахматбек Келдибековго карата жемкор деп айтылган. Ал бул маалымат ушак экенин жана сот бул берене боюнча күнөөнү андан алып салганын айтты.
Буга чейин Ахматбек Келдибеков «Азия-Ньюс» гезитинин журналистин сотко берип, 2 миллион сом өндүрүп алган.