• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Американын Соода комиссиясы Facebook компаниясына каршы сотко кайрылды

10 Бештин айы 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Американын Соода комиссиясы (Federal Trade Commission, FTC) жана 46 штаттын, Колумбия, Гуам округдарынын прокурорлорунан турган топ 9-декабрда «антимонополиялык мыйзамдарды бузду» деген негиз менен Facebook компаниясына каршы сотко кайрылды.

Соода комиссиясы тараткан маалыматта доо арызда компания «активдерин, анын ичинде Instagram менен WhatsApp социалдык тармактарын да сатышы керек» деген талап жазылганы айтылган.

Арыздануучулар компания WhatsApp менен Instagram сервистерин мыйзамсыз сатып алган, Facebook дээрлик он жыл бою атаандаштарына бут тоскон, аларды баш көтөрткөн эмес, монополияны пайдаланган, муну менен мыйзам бузган» деп эсептешет.

Facebook компаниясы өздөрүнө каршы жазылган доо арызды талдап жатканын билдирди.

Facebook компаниясы WhatsApp мессенжерин 2014-жылы, Instagram сервисин 2012-жылы сатып алган.

Количество просмотров: 42