• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко берди

23 Үчтүн айы 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн журналист Канышай Мамыркулова жана жарандык активист Самат Алиев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко берди.  Бул тууралуу Канышай Мамыркулова өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Самат Алиев экөөбүз Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковду 1-Май райондук сотуна бердик. Эл жана чек ара маселеси оюнчук эмес» , — деп жазды Мамыркулова.

Нет описания фото.
Нет описания фото.

Доо арызда 13-январда жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков: «Акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар» деп айткандыгын «куру айып» деп баалашып, доогерлердин ар бири 5 млн сомдон талап кылышкан.

Количество просмотров: 523