• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу USAGM агенттигин сотко берди

19 Жалган куран 202510:31 Бишкек Govori.TV

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигин (USAGM) жана уюмдун кызмат адамдары Кэри Лейк менен Виктор Моралести сотко берди. Буга алардын «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иши үчүн бөлүнгөн, АКШ Конгресси жактырган грантты токтотуу аракетине бөгөт коюп жатканы негиз болду.

Сотко жолдонгон арызда аталган медиага Конгресс бөлгөн каражатты берүүнү токтотуу Конституция баштаган федералдык мыйзамдарды бузары белгиленген.

14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген USAGM до болгон. Мындан көп узабай агенттик бул радиого Конгресс жактырган каражат берилбейт деген чечим чыгарганы белгилүү болгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Стив Капус 15-мартта «гранттык келишимди токтотуу — Американын душмандарына чоң белек болмоктугун» белгиледи.

USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 115