• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Аида Касымалиева: Мен коомдук транспорттордо жүрүүдөн уялбайм

1 Бирдин айы 201817:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.18. Govori.TV

Менин өзүмө таандык жеке унаам жок. Көбүнчө такси менен жүрөм. Бирок, коомдук транспорттордо жүрүүдөн уялбайм. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Govori.TV сайтына билдирди.

«Коомдук транспорттор менен жүрүү бул табигый нормалдуу көрүнүш муну коомчулук да, мамлекеттик кызматкер да туура кабыл алышы керек. Бирок , мен «троллейбус, кичи автобустарда же такси менен жүрөм» деп сыймыктанып айта албайм. Анткени биздин мамлекетте коомдук транспорттор өнүккөн эмес. Мисалы мен кичи автобустардага каттамга түшө албайм. Анткени айдоочулары жол эрежесин бузуп айдашат ошол эле учурда жүргүнчүлөр түшкөн салондорун таза кармашпайт. Ал эми троллейбуска -25 градустагы суукта эртең менен түшсөм ичи муздак, чаңдары аарчылбаган кир. Транспорттун айдоочусу деле жүргүнчүлөрдү ойлоп чаңдарын аарчып тазалап койбойт. Бизде дагы өнүккөн  өлкөлөрдөгүдөй болуп коомдук транспортторубуз өнүксө абдан жакшы болмок.»-дейт депутат Касымалиева.

Мындан сырткары  депутат мамлекеттик кызматкер абдан жөнөкөй жана сарамжалдуу болуш керектигин жана унаалардын борбордо көп жүргөнү экологиялык көйгөй болуп жаралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттеги жалпы жыйында  Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев, депутаттар жана алардын жардамчылары маршруттук кичи автобустарда жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уяларын айткан.

Ал эми  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу коомдук транспорт менен жумушка Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина келишерин билдирген.

Количество просмотров: 27