• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аида Касымалиева вице-спикерликке сунушталып жатат

14 Бештин айы 201815:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV

Учурдагы вице-спикер Асел Кодуранова депутат бойдон калары айтылды.

“КСДП” фракциясы бүгүн, 14-декабрда, кезексиз жыйынга чогулуп, вице-спикерлик кызматка депутат Аида Касымалиеваны сунуштап жатат. Бул тууралуу “Sputnik” агенттигине  депутат Абдывахап Нурбаев билдиргенин жазды.

Эл өкүлү мындай аракетти ротация деп атап, учурдагы вице-спикер Асел Кодуранова депутат бойдон каларын билдирди.

Кошумчалай кетсек, “КСДП” фракциясынан депутат Асел Кодуранова 2017-жылдын 1-ноябрынан тарта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Количество просмотров: 38