• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Касымалиеванын анализинин жыйынтыгы чыкты

14 Жалган куран 2020 9:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Германияга болгон сапарынан кийин коронавируска анализ тапшырган болчу. Анын анализинин жыйынтыгында коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу Касымалиева өзүнүн соцтармагындагы баракчасына билдирүү жасаган.

«Анализдин жыйынтыгы боюнча коронавирус табылган жок. Кийинки анализ дагы бир жолу 10-12-күнү жасалат», — деп жазган ал.

Эске салсак, вице-спикер Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана делегациянын курамында 9 адам Германиядан келгенден кийин үй карантинине алынган.

Количество просмотров: 1416