• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Аида Салянова, депутат: «Сот системасы менен прокуратуранын уюшулуп иш кылганы -саясий бандитизм…»

21 Бирдин айы 2018 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV

«Бүгүнкү күнү сот системасы менен прокуратуранын уюшулуп алып кылган  иштери бул саясий бандитизм…» Бул сөздү бүгүн парламенттин жыйынында депутат Аида Салянова айтты.

«Биздин Баш мыйзамыбызда биз укуктук, демократиялык мамлекетбиз деп жазылган. Көз карандысыз сот болмоюнча  бул жөн гана кыял боюнча кала берет. Сот реформасы канча жылса ошончо мамлекет өнүгөт. Бул лакмус кагазындай эле. Коррупциялашкан, өз позициясы жок күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Биринчиден Мыйзам, экинчиден күбөнүн баары мен тарапта болгонуна карабай сот укуктук эмес, саясый чечим чыгарды. Айта кетчү нерсе менин эмес, тергөөнүн… тапкан күбөлөрүнүн баары лицензия мыйзамдуу жандандырылган деп көрсөтүштү. Анткени мамлекеттик кызматкерлер чечимдерди саясаттын эмес, мыйзамдын негизинде кабыл алышы керек. Ал үчүн алар коркпошу керек»,-деди ал.

Ошондой эле депутат оппозициянын үстүнөн токулган иштер коомдук резонанс менен өткөндүгүү чүн сот системасынын түп тамыры менен чиригени оркоюп көрүнүп калганын айтты. «Бүгүн прокуратура, Сот жана ГКНБ  уюшуп алып иш алып барууда…»,-деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ БШКга Бишкек шаардык сотунун Аида Саляновага карата чыгарган өкүмү келип түшкөнү, аны мандатынан ажыратуу жакынкы отурумда каралаары белгилүү болгон.

Количество просмотров: 36